Түркиядагы көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама катышат

 Түркиядагы көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама катышат

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар (жер улак) боюнча эки курама команда катышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки курама команда учурда Чолпон-Атада машыгууларын өткөрүүдө.

“Түркиядагы мелдешке көк бөрү боюнча курама команда кызыл түстө, көкпар боюнча курама команда көк түстөгү формада күчүн сынайт. Жакынкы аралыкта улакчыларга экинчи формасы берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт. Улакчылар Түркияга мелдешке 10 күн калганда барат.

Связанный пост