Министрлер кабинети Теңгиз Бөлтүрүккө эки жума ичинде Кумтөр боюнча отчет берүүнү тапшырды

 Министрлер кабинети Теңгиз Бөлтүрүккө эки жума ичинде Кумтөр боюнча отчет берүүнү тапшырды

Министрлер кабинети “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине жана Теңгиз Бөлтүрүккө “Кумтөр Голд Компани” ЖАКында тышкы башкаруу учурунда өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу отчетту эки жума ичинде берүүнү тапшырды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барышкан.

Анда Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырган. “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалганы белгилүү болгон.

Связанный пост