Эгемендүүлүккө 31 жыл. 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

 Эгемендүүлүккө 31 жыл. 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Бүгүн, 29-августта Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароосу министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда өттү.

Ведомстводон билдиргендей, саптык кароо 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып, Мамлекеттик гимндин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды.

“Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдарды өткөрүү учурунда ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби боюнча республика боюнча салтанаттуу иш-чараларга ички иштер органдарынын 10 миңден ашык кызматкерлери тартылып, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшөт”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы жана Канай уулу Байтик Баатырдын 200 жылдыгына карата өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өтөт.

Связанный пост