Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров ИМБДУ башкы директорунун жардамчысы Марко Алеман менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) башкы директорунун жардамчысы Марко Алеман менен жолугушту. Тараптардын жолугушуусу Бишкектеги “Интеллектуалдык менчик жана өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү үчүн инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге” аттуу Улуттук форумдун алкагында өттү. Анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечектүү маселелерин талкуулашты. Министрлер кабинетинин башчысы “Интеллектуалдык менчиктин, инновациялардын жана креативдүүлүктүн тең […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров селден жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын бир катар аймактарында катуу жааган жаандан улам катталган селдин кесепеттеринен жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдири.   Белгилей кетсек, акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарынын бир нече айылдарында сел жүрдү. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар […]Читать далее

Коом

УКМК “МегаКомпани” бажы терминалын мамлекетке кайтарды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “МегаКомпани” бажы терминалынын айланасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди.   Атайын кызматтан билдиришкендей, акыркы күндөрү социалдык тармактарда айрым маалымат агенттиктери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында жайгашкан, буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтобүбү Оргалчага таандык болгон “МегаКомпани” компаниясынын бажы терминалынын айланасында видео тасмалар тарап жатат.   Буга байланыштуу УКМК тарабынан […]Читать далее

Коом

Минсктеги эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик павильону уюштурулду

Беларустун Минск шаарында салттуу эл аралык “Отдых-2024” туристтик көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Иш-чарага алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин, дипломатиялык корпустун, туристтик агенттиктердин жана компаниялардын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын Беларустагы элчилиги Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен биргеликте катышууда. Эл аралык көргөзмөнүн аянтында Кыргызстандын туристтик павильону уюштурулуп, анда тиешелүү туристтик […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Шакиевдин Монголиядагы расмий сапары башталды

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Монголия мамлекетиндеги расмий сапары башталды.   Төраганы Улан-Батор шаарындагы «Чыңгыз хан» аба майданынан Монголия мамлекетинин Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасынын орун басары Лхагва Мунхбаатар тосуп алды.   Андан соң расмий делегация Монголиянын Мамлекеттик сарайына бет алды.   Ал жерде Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, “Франция-Борбордук Азия” достук тобунун башчысы Эрве Морэ жетектеген Франция Республикасынын Сенатынын делегациясын кабыл алды.   Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз эки тараптуу мамилелери тууралуу пикир алмашуу болду.   Француз сенаторлору менен саламдашып жатып, Мамлекет башчысы Кыргызстан Франция менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани […]Читать далее

Министрлер кабинети

Британиянын Concrete Canvas компаниясынын заводу жакын арада Кыргызстанда курулуп баштайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Улуу Британиянын Тышкы иштер министри лорд Дэвид Кэмерондун катышуусунда курулуш материалдарын чыгарган Британиянын Concrete Canvas компаниясынын продукциясы көрсөтүлдү.   Алгач айта кетсек, 2023-жылдын ноябрь айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен […]Читать далее

Аймак

Талас районуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Талас районунун аймагында кечээ, 22-апрелде катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен такташкандай, өзгөчө кырдаал режими Талас районунун акиминин 22-апрелде чыгарган №99 буйругунун негизинде жарыяланды.   Белгилей кетсек, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылын, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылын жана Чоң-Алыш […]Читать далее

Коом

УКМК “Томми Мол” соода борборундагы 335 млн сомдук коммерциялык жайларды

“Томми Мол” соода борборундагы аянты 1257,5 чарчы метр болгон коммерциялык жайлар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   УКМК муниципалдык аймактардын ижарачылары тарабынан жер пайдалануу шарттарын аткарбоо фактысы боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында “Томми Мол” соода борборунун 2-кабатындагы аянты 1257,5 чарчы метр, жалпы суммасы 335,7 млн сомду түзгөн коммерциялык жайларды мамлекеттин балансына […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад шаарында 24-апрелде жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарында 24-апрелде жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Жалалабатгаз» газ кызматы билдирет.   Маалыматка ылайык, Курманбек-Баатыр жана Чынгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишине газ кудугун орнотуу боюнча пландуу жумуштарды өткөрүүгө байланыштуу эртең, 24-апрелде саат 8-00дөн 18-00гө чейин Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.   Белгилей кетсек, аталган газ кудугу Спутник жана Кугарт кичи райондоруна газ берүүнү […]Читать далее