Акылбек Жапаров Россиянын Ленинград облусунун губернаторун кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденкону кабыл алды

Минкаб башчысы эки өлкөнүн ортосунда союздук жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда жемиштүү кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген толук өз ара түшүнүшүү бар экенин, Кыргызстандын Ленинград менен достугу узак жана даңктуу тарыхка ээ экенин белгиледи.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өткөн жылы президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Ленинград облусунун өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий тармактарда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Ал, Өнөр жай, айыл чарба, туризм, билим берүү жана жаштарды өнүктүрүү өңдүү тармактарда кызматташууну арттыруу боюнча  алдыга коюлган милдеттер аткарылып, практикалык натыйжаларды берээрине ишеним билдирди.

Россия Федерациясынын Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко өз кезегинде соода-экономикалык кызматташтыкты жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал ошондой эле Чүй облусу менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө чоң маани берилээрин белгиледи.

Жолугушууда соода-экономикалык, транспорт-логистикалык кызматташтык, туризм, билим берүү жана медицина тармагындагы маселелер талкууланды.

Связанный пост