Менчиктештирилип кеткен медициналык колледждин жер тилкеси кайра мамлекеттик баланска алынды

 Менчиктештирилип кеткен медициналык колледждин жер тилкеси кайра мамлекеттик баланска алынды

Менчиктештирилип кеткен медициналык колледждин жер тилкеси кайра мамлекеттик баланска алынды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен Жалал-Абад медициналык колледжине таандык болгон 469 чарчы метр жер тилкеси М.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратурасы жогорудагы токтомду жараксыз деп табуу боюнча Жалал-Абад шаардык сотуна доо арыз келтирип, соттун чечими менен аталган токтом жараксыз деп табылды.

Ошондой эле, прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде базар баасы 9 млн 769 миң 200 сомду түзгөн 469 чарчы метр жер тилкеси Жалал-Абад медициналык колледжинин балансына кайтарылды.

Связанный пост