Чүй облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 23-апрелде Чүй районунун Онбир-Жылга айыл аймагынын Карагул капчыгайында сел жүргөн. Учурда аталган аймакта 1 жүктөгүч жана 2 экскаватор иштеп жатат. Ошондой эле күн мурун нөшөрлөп жааган жаандан улам Бурана айыл аймагындагы Бурана дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. […]Читать далее
Кыргызстанда 1-майдан тартып билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Белгиленгендей, арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСУЛА) аркылуу гана жиберилиши керек. Электрондук форматта өтүнмө тапшыруу алыскы аймактардагы арыз ээлерине борборго келбестен, өз жеринде толтурууга мүмкүнчүлүк берет. “Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо билим […]Читать далее
Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында «Ишеним» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу ант берди. Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Эмилбек Жусуповдун ордуна келди.Читать далее
Россиянын Оренбург облусуна багытталган гумантардык жардам 23-апрелде жерине жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 350 тоннадан турган “Жардам кербени” узак жана татаал жолду басып өтүп, облустун эки аймагына 10 унаадан бөлүндү. Тактап айтканда, Оренбург жана суу каптоодон эң көп жабыркаган Орск шаарына жеткирилди. Жардам кербенин Казакстандын чек арасынан өткөн соң Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана […]Читать далее
Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-26-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарды арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. 24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулайт. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын […]Читать далее
297 ишкер салык органында жеке ишкер катары онлайн каттоодон өтүшкөн. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Анын ичинде 102 ишкер Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу, 195 ишкер MegaPay жана Ишкер 24 мобилдик тиркемелери аркылуу катталышкан. Эскерте кетсек, буга чейин салык кызматы салык органына барбай эле салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо кызматын ишке киргизген. Каттоого арыз түзүү үчүн […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Улан-Батор шаарында «Көчмөндөр цивилизациясынын табериктери» аталышындагы көргөзмөгө
Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен бирге Кыргызстандын Улуттук тарых музейи тарабынан Улан-Батор шаарындагы «Чыңгыз хан» улуттук музейинде уюштурулган көргөзмөнүн ачылышына катышты. «Көчмөндөр цивилизациясынын табериктери» аталышындагы көргөзмөдө кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына таандык сүрөттөр жайгаштырылган. Ошондой эле келгендерге Манас эпосунан үзүндү айтылып, ыр-күүлөр тартууланды. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденкону кабыл алды Минкаб башчысы эки өлкөнүн ортосунда союздук жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда жемиштүү кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген толук өз ара түшүнүшүү бар экенин, Кыргызстандын Ленинград менен достугу узак жана даңктуу тарыхка ээ экенин белгиледи. Акылбек Жапаров белгилегендей, өткөн жылы президенттин […]Читать далее
Менчиктештирилип кеткен медициналык колледждин жер тилкеси кайра мамлекеттик баланска алынды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады. Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен Жалал-Абад медициналык колледжине таандык болгон 469 чарчы метр жер тилкеси М.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип […]Читать далее