Аймак

Ошто сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам тартылды

Ош облусунда сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашуун техника тартылды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, облус аймагында 20-21-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Селдин кесепетинен 1 адам каза болуп, үйлөрдү суу каптап, унаа жолдор жабылган.   Учурда селдин кесепеттерин жоюуга 508 адам, 82 техника тартылып, жеринде иш алып барууда.   Эскерте кетсек, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров менен Улуу Британиянын ТИМ башчысы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Борбордук Азия боюнча иш сапарынын алкагында өлкөгө расмий сапар менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон менен жолугушту.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.   Минкаб башчысы министрге өткөн жылдын ноябрь айында Улуу Британияга сапарын уюштурууга көрсөткөн ар тараптуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, учурда […]Читать далее

Президент

Президент насыя берүү ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.   Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 14-мартында кабыл алынган.   Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана “Банктар […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери 3024 дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 1 млрд 244 млн 836 миң сомго 3024 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.   Насыялар 2 категория боюнча берилүүдө.   1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 114441,0 миң сомго 356 насыя; 2. Мал чарбачылык категориясы […]Читать далее

Аймак

УКМК Кербен шаарындагы 23 млн сомдук борбордук базарды мамлекетке кайтарды

Аксы районунун Кербен шаарындагы 23 млн сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   Атайын кызмат тарабынан мурда Кербен шаарынын мэриясынын карамагында болгон Кербен шаарынын борбордук базары Б.М. аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз пайдаланылгандыгы аныкталды.   Тактап айтканда, 2012-жылы ижара келишиминин негизинде аталган базар Б.М.га 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген, […]Читать далее

Аймак

Баткенде сел кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам кеңешме өттү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн эрте менен күн мурун аймакта катталган селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам жыйын өткөрдү.   Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, 22-апрелдин түнү облус аймагында өзгөчө кырдаал катталган жок, күндүз келген селдин кесепеттерин жою боюнча жеринде жарандык коргонуу кызматтары тынымсыз иштеди.   Облус башчысы сел суулары жүргөн аймактарда аткарылып жаткан иштер боюнча район-шаар […]Читать далее

Экономика

Британия Кыргызстанда 19 млн фунт баштапкы капиталы менен фонд түзүүнү

Улуу Британия 19 млн фунт баштапкы капиталы менен фонд түзүү аркылуу Кыргызстандын аймактарында чакан жана орто бизнести колдоого даяр экенин билдирди.   КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай маалымат Кыргызстан жана Британиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Дэвид Кэмерондун жолугушуусунда айтылды.   Белгилей кетсек, жолугушуу Улуу Британиянын ТИМ башчысынын Кыргызстанга биринчи сапарынын алкагында өттү.Читать далее

Президент

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев 23-апрелде Монголия мамлекетине расмий сапар менен жөнөп кетти.   Расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) Төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ баштаган жетекчилер менен жолугушат.   Муну менен катар «Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен тарыхый байланыштары», ошондой эле […]Читать далее

Аймак

Кыргызстандын төрт облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү

Күн мурун катуу жааган жаандан улам Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Талас облустарынын аймагында сел жүрүп, Ноокен районунда 300гө жакын түтүн эвакуацияланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Бүгүн таң эрте өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн сел жүргөн аймактарын жеринен көрүп, ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды койду. […]Читать далее