Чүй районунда сел жүрдү

 Чүй районунда сел жүрдү

Чүй облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-апрелде Чүй районунун Онбир-Жылга айыл аймагынын Карагул капчыгайында сел жүргөн. Учурда аталган аймакта 1 жүктөгүч жана 2 экскаватор иштеп жатат.

Ошондой эле күн мурун нөшөрлөп жааган жаандан улам Бурана айыл аймагындагы Бурана дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. Буга байланыштуу Жаңы-Жол жана Ак-Бешим айылдарындагы арыктар тазаланып, көпүрөнүн айланасы иретке келтирилди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, селдин кесепеттерин жоюу үчүн Чүй облусунун айыл өкмөттөрүнөн жана райондук администрацияларынан техникалар тартылган. Тазалоо иштерине ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери да активдүү катышууда.

Селден жабыркагандар жок. Абал туруктуу.

Связанный пост