Пара талап кылуу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “Пара талап кылуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз баюу максатында (ЕАЭБ жыйынды постунун) “Ак-Тилек автодорожный” көзөмөл-өткөрүү […]Читать далее
Германиядан Кыргызстанга айыл чарба техникаларын алып келүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун элчи Өмүрбек Текебаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, “Айыл Банк” ААК, РСК банктын, “МТС К.О. Стандарт Агросервис” өкүлдөрүнөн турган Кыргызстандын делегациясы Хазберген шаарындагы айыл чарба муниципалдык жабдууларын чыгаруучу ири […]Читать далее
Кыргызстан менен Монголиянын парламенттери ортосундагы Кызматташуу боюнча комиссиянын регламентине кол
Бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы Кызматташуу боюнча комиссиянын регламентине кол коюшту. Аталган документ парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган.Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын аларга берилген кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө мамлекет […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар
Бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улан-Батор шаарында Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту. Алгач эки парламенттин Төрагалары ардактуу кароол тизилген аянтта учурашып, андан соң Чыңгыз хандын эстелигине таазим кылышты. Ошондой эле Нурланбек Шакиев Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды. Жолугушуу кеңири курамда уланып, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, […]Читать далее
Кайсери шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Хасан Коксал менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана соода кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Элчи Казакбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин баса белгиледи. Ал мындай жолугушуулар эки өлкөнүн […]Читать далее
Кыргызстанда 9 миң 504 ишкерге 6 млрд 455 млн 227 миң 818 сом пайызсыз насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыя “Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында берилүүдө. Анын ичинде: 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 290 ишкерге 4 млрд 663 млн 693 миң 243 сом берилген; 2-категория боюнча (3 […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына видео-конференциябайланыш режиминде катышты. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин отурумунда күн тартибинде 20га жакын маселе каралып, анын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Ошентип, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү терефтал кислотасына жана анын туздарына импорттук бажы алымынын нөлдүк ставкасын эки жылга узартуу […]Читать далее
Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган “Китеп – жан дүйнөнүн майрамы” аттуу иш-чарасы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексинин алдында өткөн иш-чарада китеп жарманкеси ачылып, бир топ басмаканалар, акын-жазуучулар китептерин окурмандардын назарына тартуулашты. “Китеп күнүнүн […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өзү жазган арыздын негизинде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча арызын 23-апрелде Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоп, анын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды. Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат шайлоо округунан шайланып келген болчу. Эми президенттин жарлыгынын негизинде эки айдын аралыгында […]Читать далее