Кыргызстанда билим берүү уюмдарына лицензия электрондук түрдө бериле баштайт

 Кыргызстанда билим берүү уюмдарына лицензия электрондук түрдө бериле баштайт

Кыргызстанда 1-майдан тартып билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Белгиленгендей, арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСУЛА) аркылуу гана жиберилиши керек.

Электрондук форматта өтүнмө тапшыруу алыскы аймактардагы арыз ээлерине борборго келбестен, өз жеринде толтурууга мүмкүнчүлүк берет.

“Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо билим берүү кызматын көрсөтүү шарттарынын ченемдик-укуктук актылардын талаптарына, мисалы, санитардык эрежелерге, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жоболоруна ылайык келишин белгилөө үчүн жүргүзүлөт”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ошондой эле арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок болгондуктан, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат.

Эми жайгашкан жери өзгөргөн учурда билим берүү уюму бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөтүү зарыл.

Учурда бала бакча ачууга же кошумча билим берүү программасы боюнча окутуу үчүн лицензия талап кылынбайт.

Связанный пост