Коом

Быйыл билим берүү уюмдары 212 миңден ашуун көчөт отургузду

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында билим берүү уюмдары тарабынан жыл сайын көчөт отургузуу иштери аткарылып келет. Алсак, быйыл республика боюнча билим берүү уюмдары 212 миңден ашуун көчөт отургузууга жетишти. Анын ичинде бала бакчалар – 38 миңге жакын, мектептер – 104 миңге жакын, башталгыч кесиптик окуу жайлары – 20 миңдей, орто кесиптик […]Читать далее

Президент

Бакуда Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий

Бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. “Зугульба” резиденциясында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Бири-бири менен салам алышкандан кийин мамлекет башчылары Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, тизилген катардын алдынан өтүштү. Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик […]Читать далее

Укук тартиби

Кызыл-Кыя шаарында балдар поликлиникасынын менчиктештирилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясында жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан мурдагы балдар поликлиникасынын жер тилкеси Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан 2010-жылы сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен А.У. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган. […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Бакуга барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына келди. Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду Азербайжандын Премьер-министринин орун басары Шахин Мустафаев тосуп алды. Баку шаарынын эл аралык аэропортунун флагштокторуна Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлүп, ардак кароолдун ротасы тизилди. 24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев «Кыргыз элинин Чыңгыз хан жана анын урпактары

Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын «Чыңгыз хан» улуттук тарых музейинде уюштурулган «Кыргыз элинин Чыңгыз хан жана анын урпактары менен болгон тарыхый байланыштары» аталышындагы илимий конференцияга катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев уюштурулуп жаткан илимий конференция илимпоздордун тыгыз иш алып баруусуна көмөкчү болорун билдирип: «Кыргыз-монгол калктарынын тарыхы миңдеген жылдарды камтып, […]Читать далее

Коом

Бишкекте 25-апрелден тарта карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте 25-апрелден тарта карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бишкек электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, учурда 5,1 миңден ашык тиричилик абоненттеринин карызы бар. Керектөөчүлөр өздүк эсеби тууралуу маалыматты компаниянын сайтындагы “Абоненттин балансы” рубрикасынан же болбосо “Мой свет” тиркемесинен ала алат. Ошондой эле абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген колл-борборуна төмөнкү номерлерге чалып биле алат: 1209; 105; 0772/0702/0556 […]Читать далее

Укук тартиби

Баткенде дээрлик 7 тонна контрабандалык грек жаңгагы кармалды

Баткенде дээрлик 7 тонна контрабандалык грек жаңгагы кармалды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады. «Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бажы эрежелерин бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган бажы көзөмөлүнүн жүрүшүндө, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында Өзбекстан Республикасынын жараны «Х.С.И.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz 814» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. […]Читать далее

Маданият

Бакуда Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды

Азербайжандын Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КРнын Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Азербайжан […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясына болгон тарифтер көтөрүлөт

Министрлер кабинети 1-майдан тартын электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизет. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров (23.04.24. №190) кол койду. Мурда маалымдалгандай, өзгөртүү киргизүүнүн мөөнөтүн жылдыруу энергетика тармагындагы каржы тартыштыгын жабууга кошумча каражат алуу максатында жүргүзүлүп жатат. 2024-жылдын 1-майынан тарты электр энергиясынын тарифтери төмөндөгүдөй болмокчу: – бир киловатт-саат үчүн — 1,11 сом, эгер 700 киловат-сааттан […]Читать далее

Саясат

Британиянын ТИМ башчысы “Үркүн” мемориалына гүлчамбар койду

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, кыргыз элинин тарыхына таазим кылды. Британиянын кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, ал өзүнүн Кыргызстанга болгон иш сапарын 22-апрелде трагедиянын курмандыктарын эскерүү үчүн “Үркүн” мемориалына гүлчамбар коюу менен баштаган. Аталган комплекстин директору Болот Абдрахманов министрге Үркүн жана “Ата-Бейиттин” тарыхы тууралуу айтып берди. Белгиленгендей, Дэвид Кэмерон – Кыргызстан […]Читать далее