Коом

Бишкекте Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдарды салтанаттуу тосуп алышты

“Эне-балага тирек” кайрымдуулук фонду менен Хэнань Сионке ооруканасынын кызматташуусунун алкагында Кытай Эл Республикасында жүрөгүнө операция жасалган 10 бала Кыргызстанга кайтып келди. Балдарды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, тууган-туушкандары жана достору тосуп алышты. Тубаса жүрөк кемтиги […]Читать далее

Коом

Ысык-Көлдөгү “Ала-Тоо” санаторийи Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү

Медицина кызматкерлеринин сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо максатында “Ала-Тоо” санаторийи Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бул кадам өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден соолугун чыңдоо максатында жасалды. “Дарыгерлердин, медайымдардын жана санитардык кызматкерлердин физикалык жана психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, өзгөчө пандемиядан кийин, мамлекеттин биринчи […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: Бишкекте кампалардын биринен 4 тоннадан ашык баңгизат табылды

Баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан “Манас” бажысы менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө алыскы жана жакынкы аймактарга, чет өлкөлөргө, Кыргызстанга, андан соң коңушулаш Казакстан, Өзбекстан жана Кытайга баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу каналын уюштуруу аркылуу, көмүскө кирешелерди адалдоо […]Читать далее

Аймак

Акыркы үч жылда Нарын облусундагы 253 объект 2,2 млрд сомго

Акыркы үч жылда Нарын облусундагы 253 объект 2,2 млрд сомго каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 100-жылдыгына карата Нарын облусунда өткөрүлгөн иш-чарада финансы министринин орун басары Улугбек Календеров билдирди. Ал белгилегендей, 2023-жылы региондорду өнүктүрүү фонддоруна 2,4 млрд сом каржыланган. Ал эми капиталдык салымдар беренеси аркылуу Нарын облусуна республикалык бюджеттен акыркы үч жылда 2,2 млрд сомго 253 […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров эркиндикке чыкты

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.   Биринчи Май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы чечимине ылайык, Адахан Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209 (“Алдамчылык”) жана 338-беренелери (“Бийликтен аша чабуу”) боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан […]Читать далее

Коом

Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 26-28-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарга арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.Читать далее

Аймак

Кытайдын компаниясы Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо

Күн мурун президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Кашкар “Джиабо” технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнци баштаган кытай инвесторлорун жана “Кыргыз почтасы” ААКтын өкүлдөрүн кабыл алды. Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, жолугушууда Нарын облусунун аймагында автомашина чогулта турган завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Натыйжада президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов, “Кыргыз почтасы” ААКтын башкы директору Марат Черикчиев жана “Джиабо” технологиялык […]Читать далее

Аймак

Өзгөн районунда сел жүрдү

Кечээ, 25-апрель күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корсетти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган, унаа жол ачык. Бүгүн, Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.Читать далее

Коом

МСК: Жыл башынан бери “Жыйынды пост” системасында 57 миңден ашык

2024-жылдын башынан бери “Жыйынды пост” маалыматтык системасында Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына товарларды импорттоодо 57 миң 741 электрондук коштомо кагаз катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Анын ичинен товарларды эсепке алуунун авто жол пункттарында 47 миң 513 коштомо кагаз, товарларды эсепке алуунун темир жол пункттарында 8 миң 952 коштомо кагаз жана аэропорттордо […]Читать далее

Аймак

Кара-Буура ашуусунда кар көчкү түштү

Чаткалдагы Ала-Бука — Жаңы-Базар унаа жолунундагы (198-203-чакырым) Кара-Буура ашуусунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Көчкүнүн көлөмү 51 миң метр кубду түзөт. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө. “Мындан тышкары, дагы беш жерде кар көчкү түшүү коркунучу бар”, – деп кошумчалашты министрликтен. Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу, унаа жолдордо […]Читать далее