Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев БУУнун VIII Башкы катчысы Пан Ги Мун

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын борбор калаасы Улан-Батор шаарында Бириккен Улуттар уюмунун VIII Башкы катчысы, «Пан Ги Мун» фондунун жетекчиси Пан Ги Мун менен жолугушту. Төрага Нурланбек Шакиев Пан Ги Мундун Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысы катары жигердүү иштегенин эске салып: «Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда, экология, экономика, […]Читать далее

Коом

Оштун борбордук аянтында 3000 окуучунун айтуусунда “Манас” жаңырды

Ош шаарынын борбордук аянттында бүгүн мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” аталышындагы “Манас” айтуу боюнча республикалык кароо-сынак өттү. Ага жалпы жонунан 3 миң окуучу катышып, кыргыз жана англис тилдеринде “Манас” айтышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Иш-чарада Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков катышуучуларга ийгилик […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Биз, президенттин командасы, социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында жетишилген олуттуу

2023-жылы экономикалык өсүш экономиканын бардык тармактары тарабынан камсыздалды. Бул тууралуу өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Президенттин Администрациясынын коллегиясынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. Минкаб башчысы Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын Президентинин саясатын колдоо деңгээли 82% түзсө, бир жыл мурун бул көрсөткүч 86% түзгөнүн-бул мындан ары кайраттуу реформаларды жүргүзүү үчүн бийликке […]Читать далее

Коом

Tunduk мобилдик тиркемесине жеке ишкердин санариптик күбөлүгү киргизилди

Tunduk мобилдик тиркемесинде жеке ишкердин күбөлүгү пайда болду. Бул ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө жаңы санариптик документи, деп билдиришти Санариптик өнүктүрүү министрлигинен. Ишкердин күбөлүгү анын статусун тастыктоо менен бирге, каттоо маалыматтарын камтыйт. Ишкердин санариптик күбөлүгү банк эсебин ачууда, отчетторду берүүдө, келишимдерди түзүүдө жана башка ар кандай учурларда талап кылынышы мүмкүн. Мындан улам Tunduk мобилдик тиркемесиндеги бардык […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Жакынкы 3 жылда бюджетти 1 триллионго жакындатуу боюнча

Жакынкы 3 жылда Кыргызстандын бюджетин 1 триллионго жакындатуу боюнча жакшы прогноздор бар. Бул тууралуу өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын коллегиясынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. Ал Эл аралык валюта фонду өлкөнүн экономикалык өсүү болжолун кайра карап чыкканын, Дүйнөлүк банк да Кыргызстандын экономикасы боюнча божомолун жакшыртканын билдирди. Министрлер кабинетинин […]Читать далее

Кадр саясаты

Бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери тартиптик жаза алышты

Президенттин Жарлыктарынын аткарылышы жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарында, райондук мамлекеттик администрацияларда жана мамлекеттик органдарда аткаруу тартибинин абалы боюнча маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар берилди. Эскертүү алгандар: 1. Кулубаев Жээнбек – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; 2. Талантбек Иманов – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин […]Читать далее

Коом

24.04.24 — Кыргызстанда “өзгөчө” датада 300дөн ашуун түгөй баш кошту

Кыргызстанда 24.04.24 сандарын камтыган “өзгөчө” датада 317 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө жалпы 73 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, Ош шаарындагы Бакыт үйүндө болсо 15 салтанат өттү. Ведомстводон кошумчалашкандай, акыркы убакта Кыргызстанда “өзгөчө” датада баш кошууну каалаган жаштардын саны өсүүдө.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Президенти менен жолугушту

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Монголиядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, байланыштарды бекемдөө багытындагы сунуш-пикирлер айтылды. Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз-монгол мамилелери акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп: «20 жылдан ашык убакыттан кийин былтыр мамлекеттик сапар уюштурулуп, Кыргыз Президенти […]Читать далее

Аймак

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү туруксуз аба ырайынын жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарга арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.Читать далее

Укук тартиби

Чолпон-Атадагы “Жетиген” базарынын ээси кармалды

Чолпон-Ата шаарындагы “Жетиген” базарынын — “Курорторг Жетиген” ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. УКМК тарабынан “Курортторг Жетиген” ААКнын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк фактылары аныкталды. Тактап айтканда, алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып […]Читать далее