МСК: Жыл башынан бери “Жыйынды пост” системасында 57 миңден ашык коштомо кагаз катталган

 МСК: Жыл башынан бери “Жыйынды пост” системасында 57 миңден ашык коштомо кагаз катталган

2024-жылдын башынан бери “Жыйынды пост” маалыматтык системасында Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына товарларды импорттоодо 57 миң 741 электрондук коштомо кагаз катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Анын ичинен товарларды эсепке алуунун авто жол пункттарында 47 миң 513 коштомо кагаз, товарларды эсепке алуунун темир жол пункттарында 8 миң 952 коштомо кагаз жана аэропорттордо товарларды эсепке алуу пункттарында 1 миң 276 коштомо кагаз берилген.

Азыркы учурда республика боюнча товарларды эсепке алуунун 27 пункту, анын ичинде 4 авто жол, 21 темир жол жана аэропорттордо 2 пункт иштеп жатат. Бардык пункттар “Жыйынды пост” маалыматтык системасын колдонуу менен ташылып келген товарлардын эсебин жүргүзөт.

Эскерте кетсек, Салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды эсепке алууда “Жыйынды пост” маалыматтык системасын колдонот.

Ал “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтыруу, ошондой эле товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында түзүлгөн.

Связанный пост