Коом

ЖКККББ: “Чычкан” постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, “Чычкан” постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди.   Аба ырайы кескин өзгөрүп, азырык учурда Бишкек-Талас жана Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаап, бороон чапкын болууда. Ошого байланыштуу жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымындагы “Чычкан” посттунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Сауд Аравия жана Кувейттин каржы институттарынын жетекчилиги менен

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун башкаруучуларынын 49-отурумунун алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эолугушууда тараптар медициналык мекемелерди, билим берүү мекемелерин куруу, жол инфраструктурасын, айыл чарбасын өнүктүрүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жер-жерлердеги учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты […]Читать далее

Саясат

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Жетишилген макулдашууга ылайык, 21-апрелден 27-апрелге чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.   КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактары боюнча сүйлөшүү жүргүздү жана […]Читать далее

Укук тартиби

Ошто сойкулук кызмат көрсөткөн чет элдик жарандар аныкталды

Ошто сойкулук кызмат көрсөткөн чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы маалымдады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине Р. аттуу жаран аял кишилердин сойкулук кызматын аткарууга көмөктөшүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана […]Читать далее

Укук тартиби

Кыргызстанда акыркы үч жылда 27 нарколаборатория жок кылынды

Кыргызстанда акыркы үч жылда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо менен алектенген 27 жашыруун нарколаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, алардын ичинен синтетикалык баңгизаттарды даярдоо боюнча – 12, кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча – 15.   27 нарколабораториянын ичинен 25и Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан […]Читать далее

Министрлер кабинети

ИӨБ Кыргызстанга ипотекалык турак-жай курууга $79 млн бөлөт

Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоорунун алкагында Кыргызстанга 79 млн доллар бөлөт. Макулдашууга КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен ИӨБ президенти Мухаммад Сулайман Аль-Жасирдин жолугушуусунда кол коюлду.   Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында миңдеген муктаж үй-бүлөлөр ипотекалык кредиттөө […]Читать далее

Коом

Майдын аягында биринчи жолу өлкөдө боор жана жилик чучугун алмаштыруу

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.   Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, кайрылууда мындай деп айтылат:   “Урматтуу кыргызстандыктар!   Өзүңүздөр билгендей Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бөйрөктү өзүбүздөн алмаштыруу маселесин ишке ашырганбыз.   Андан бери 10 чакты бейтаптын бөйрөгү алмашылды. Аларга кеткен чыгымын да мамлекет төлөп берди. Мындан ары дагы бөйрөк алмаштырам деген […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери эки келишимге кол коюшту

Кыргызстан менен Россиянын коргоо ведомстволорунун башчылары Бактыбек Бекболотов менен Сергей Шойгу эки келишимге кол коюшту.   Алардын жолугушуусу Астанада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин ишине катышуунун алкагында өттү.   Ошентип, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда төмөндөгүдөй эки келишимге кол коюлду:   1. Маалыматтык алмашуу жөнүндө; 2. Радиациялык, химиялык жана биологиялык абалды аныктоо жана баа […]Читать далее

Коом

Түркия Кыргыз Республикасынын авиациялык персоналынын жогорку деңгээлин тааныйт

2023-жылы Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөндөн кийин Кыргызстандын авиация кызматкерлери жогорку деңгээлдеги даярдыгы жана жарандык авиация органы тарабынан тийиштүү көзөмөлү үчүн Түркия тарабынан таанылды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.   Ошентип, Кыргызстандын авиация тармагынын өсүшү жана анын эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга умтулуусу белгиленет.   Бүгүнкү күндө Түркия […]Читать далее

Коом

Өндүрүштө жапа чеккендердин көбү компенсация алышууда, беш жылдын ичинде жылдык

Өндүрүштө жапа чеккендердин көбү компенсация алышууда, беш жылдын ичинде жылдык сумма 15 эсеге өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова бүгүн Бишкекте америкалык эл аралык профсоюздук Тилектештик борборунун колдоосу менен өткөн Бүткүл дүйнөлүк Эмгек күнүнө арналган конференциянын алкагында билдирди.   «Кыргызстанда эмгекти коргоо социалдык саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана […]Читать далее