Кытайдын компаниясы Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо

 Кытайдын компаниясы Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо

Күн мурун президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Кашкар “Джиабо” технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнци баштаган кытай инвесторлорун жана “Кыргыз почтасы” ААКтын өкүлдөрүн кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, жолугушууда Нарын облусунун аймагында автомашина чогулта турган завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Натыйжада президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов, “Кыргыз почтасы” ААКтын башкы директору Марат Черикчиев жана “Джиабо” технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнцинин ортосунда Нарын облусунда автомашина чыгара турган завод куруу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

Инвесторлор жолугушууда өздөрүнүн Кытайдагы 3 заводунда чыгып жаткан автоунаалардын үлгүлөрүн көрсөтүштү.

 

Инвесторлорго Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан завод кура турганга ылайыктуу жер тилкелери каралууда. Жери аныкталса завод куруу иштери башталат. Завод курулуп бүтсө Кыргызстандын бренди, белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) автомашиналар куралып чыга баштайт. Жергиликтүү элге 100дөн 1000ге чейинки жумуш орундары түзүлөт.

Белгиленгендей, бул иштер Кытайдын “Кашкар бондалык зонасы” менен Кыргызстандын “Нарын Эркин экономикалык аймагынын” ортосунда түзүлгөн “Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында ишке ашууда.

Связанный пост