Бишкекте Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдарды салтанаттуу тосуп алышты

 Бишкекте Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдарды салтанаттуу тосуп алышты

“Эне-балага тирек” кайрымдуулук фонду менен Хэнань Сионке ооруканасынын кызматташуусунун алкагында Кытай Эл Республикасында жүрөгүнө операция жасалган 10 бала Кыргызстанга кайтып келди.

Балдарды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, тууган-туушкандары жана достору тосуп алышты.

Тубаса жүрөк кемтиги бар балдар жакындары жана дарыгерлер, хирургдар тобу менен бирге ушул жылдын март айынын башында Кытайга дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Бүгүн биз Чжэнчжоу шаарында жүрөк оорусунан ийгиликтүү дарыланып, мекенине кайтып жаткан кичинекей баатырларыбызды жылуу тосуп алуудабыз. Балдардын жүрөк оорусунан керемет жол менен куткарылышы, Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин уланып жаткан жакындаштыгынын, достугунун жана жакшы коңшулаштыгынын тарыхынын дагы бир барагы болуп саналат. Бүгүн баарыбыз кубанычтабыз. Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарованын «Эне-балага тирек» фондунун демилгесин жана Кытай Эл Республикасынын Элчилиги менен Хэнань провинциясынын Элдик өкмөтү тарабынан колдоо жана кызматташтыкты белгилей кетүү керек. Өлкө жетекчилигинин, Министрлер Кабинетинин жана жалпы элибиздин атынан Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине жана элине чын жүрөктөн ырахматымды жана терең ыраазычылыгымды билдиргим келет», – деди Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары өз сөзүндө.

Эдил Байсалов 2023-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан түзүлгөн эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин белгиледи.

«Улуу Кытай, салттуу стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясы жана боордош Түркия менен бирге Кыргызстандын эли жардамга жана колдоого муктаж болгондо биз кайрылган үч өлкө болуп саналат жана биз аларга ар дайым таяна алабыз деп билебиз», – деди Эдил Байсалов.

Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь өз кезегинде айыгып кеткен балдар менен жолугуп жатканына кубанычын жана эки өлкөнүн гуманитардык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Связанный пост