Кара-Буура ашуусунда кар көчкү түштү

 Кара-Буура ашуусунда кар көчкү түштү

Чаткалдагы Ала-Бука — Жаңы-Базар унаа жолунундагы (198-203-чакырым) Кара-Буура ашуусунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көчкүнүн көлөмү 51 миң метр кубду түзөт. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

“Мындан тышкары, дагы беш жерде кар көчкү түшүү коркунучу бар”, – деп кошумчалашты министрликтен.

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу, унаа жолдордо кооптуу жагдайлар жаралбашы үчүн мекеме тарабынан бардык иш-аракеттер көрүлүп жатканы белгиленди.

Связанный пост