“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров эркиндикке чыкты

 “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров эркиндикке чыкты

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

 

Биринчи Май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы чечимине ылайык, Адахан Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209 (“Алдамчылык”) жана 338-беренелери (“Бийликтен аша чабуу”) боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошотулган.

 

Бирок ал өкүм расмий күчүнө киргенге чейин камакта калтырылган. Башкача айтканда, ага карата баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, ал бүгүнкү күнгө чейин абакта болгон.

 

Эске сала кетсек, Адахан Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында кармалган. Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча 2009-жылы кол коюлган протоколдон улам мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган.

Связанный пост