Бишкектеги “Адинай” паркында 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү жүрөк-кан тамыр системасын акысыз текшерүү уюштурулат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Жүрөк Fest — Жүрөк марафону” иш-чарасынын алкагында каалоочулар кан басымын, кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин өлчөтүп, дене салмагынын индексин аныктатып, кардиологдордон кеңеш ала алышат. Текшерүүдөн өтүү үчүн катталуу талап […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өлкөдөгү боор жана бөйрөк органдарын трансплантациялоонун абалы каралды. Жыйында Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди. Бул тууралуу парламент билдирет. Маалыматка ылайык, органдарды трансплантациялоо тармагына 2024-жылы 100 млн сом, 2025-жылы 33 млн сом, ал эми 2026-жылы 64 млн сом бөлүнгөн.Читать далее
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда териси жана тери алдындагы май катмарынын оор некрозуна кабылган эки ымыркайга тери көчүрүү операциясы жасалды. Оорукананын маалыматына ылайык, эки бала тең бир жашка чейинки куракта жана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында оор абалда ооруканага түшкөн. Дарыгерлер эки жума бою жараларды антибиотиктер жана антисептикалык эритмелер менен тазалап, өлгөн ткандарды алып […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанда боор жана бөйрөк органдарын трансплантациялоо боюнча иштин абалы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулду. Бул тууралуу парламент билдирет. Баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев белгилегендей, жалпысынан өлкөдө органдарды трансплантациялоо боюнча Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 89, […]Читать далее
Кыргызстанда быйыл онкологиялык ооруларды дарылоого 2,5 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан “Балдар онкологиясы жана гематологиясы” аттуу эл аралык конгрессте билдирди. Анын айтымында, буга чейин онкологиялык ооруларды дарылоого 1,5 млрд сом бөлүнүп келген. Быйыл каржылоонун көлөмү 2,5 млрд сомго чейин көбөйтүлдү. “Бөлүнгөн каражат онкологиялык оорулар менен […]Читать далее
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмүнүн 23 учуру катталды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4 пайызга аз. “Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 миң тирүү төрөлгөн балага 22,1 учурду түздү. Министрлик энелердин өлүмүн азайтуу үчүн кош бойлуулуктагы тобокелдиктерди өз убагында аныктоого, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө […]Читать далее
Балыкчы жана Талас шаарларында инфарктка кабылган бейтаптарга тез жардам көрсөтүүчү адистештирилген борборлор иштеп жатат. Бул тууралуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору Талант Эралиев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, бул борборлордо жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүлөт. “Балыкчы шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун базасында ангиографиялык аппарат менен жабдылган катетерлөө борбору 2026-жылдын […]Читать далее
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди профилактикалык медициналык текшерүүдөн (сheck-up) өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, долбоордун алкагында түзүлгөн шарттар менен таанышты. Пилоттук долбоор президенттин 2026-жылдын 12-июнундагы тапшырмасын аткаруу максатында ишке ашырылууда. Долбоордун максаты өнөкөт жугуштуу эмес […]Читать далее
Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасында бейтаптарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана дарыгерлердин жүгүн азайтуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, бүгүнкү күндө кабыл алууда 8 дарыгер иштеп жатат. Суткалык нөөмөттө дарыгерлердин санын 15ке чейин көбөйтүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигине билдирүү жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, ооруканада 212 орунга ылайыкталган жаңы хирургиялык корпус курулууда. […]Читать далее
Кыргызстанда медицина кызматкерлерин кесиптик ишин үзгүлтүккө учуратпастан санариптик технологияларга окутуу боюнча алгачкы адистештирилген программа ишке кирди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, программа болжол менен 40 миң медицина кызматкерин камтыйт. Программанын алкагында саламаттык сактоонун санариптик системалары менен иштөө жана медициналык маалыматтарды алмашуу боюнча окуу-усулдук комплекс иштелип чыкты. Окутууда практикалык сабактарга, санариптик гигиенага, жеке жана медициналык маалыматтарды коргоого, […]Читать далее