Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берүүнүн жол-жоболору тууралуу айтып берди. Белгилей кетсек, күн мурун, 18-июлда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү бир катар жогорку окуу жайларга өзгөчө макам берүү боюнча жарлыкка кол койгон. Жарлык менен төмөнкү мамлекеттик жогорку окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында зордук-зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон балдарды коргоо системасына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү. Өлкө Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобого ылайык бул ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Жыйынга бир катар депутаттар, […]Читать далее
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, – деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан. Чечим президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга багытталган: – калктын аз камсыз болгон катмарын […]Читать далее
Кыргызстан бир катар азык-түлүктү экспорттоого тыюу салууну жыл аягына чейин узартат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөн жумуртка, жүгөрү, кумшекер жана май сыяктуу азыктарды экспорттоого тыюу салынган. Жаныбеков белгилегендей, тыюу салууну ушул жылдын аягына чейин узартуу пландалууда. «Ал эми кумшекер маселесине токтолсок, экспортко тыюу салынган. Шекерге […]Читать далее
Ош шаарында Алишер Навои көчөсүндөгү “Ак-Буура” кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, жалын саат 11:45те толук өчүрүлгөн. “Тилсиз жоонун аянты болжол менен 700 чарчы метрди түзөт. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок”, – деп айтылат билдирүүдө.Читать далее
Кыргызстанда 369 таштанды таштоочу жай бар. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн инвентаризацияга ылайык, республика боюнча 369 таштанды таштоочу жайы бар, алар негизинен айыл чарба жерлеринде (506 га) жана калктуу конуштарда (79 га) жайгашкан. Таштанды жайлары ээлеген жалпы жер аянты […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш өтүүдө. Акылбек Жапаров Кыргызстан 30 жылдан бери коррупция менен ийгиликсиз күрөшүп жатканын белгилейт. “Паракорчулук бүгүнкү күндө дагы бардык мамлекеттик кызматтарда болуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат. 1997-жылдан тарта маморгандарда коррупция боюнча 16 миң 639 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 12 […]Читать далее
Директорлор кеңешинин чечими менен «Жалалабатэлектр» ААКнын башкы директору болуп Нурлан Сатыбалдиев дайындалды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет. Жаңы башчыны компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү эмгек жамаатка жана РЭТ жетекчилерине тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Нурлан Сатыбалдиев 2021-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Түндүк электр» ААКнын Талас филиалынын аткаруучу директору болуп эмгектенген.Читать далее
Бишкекте вице-мэр Виктория Мозгачеванын жетекчилиги астында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында штабдын мүчөлөрү шаардагы коронавирустук инфекциянын жайылышы жана учурдагы эпидемиологиялык абалды, шаардык саламаттык сактоо уюмдарында жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектердин запасын камсыз кылуу, ошондой эле калкты эмдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулады. Бишкек шаардык […]Читать далее
Кыргызстандын калкынын иш менен камсыздуулук деңгээли көбөйүп, жумушсуздардын саны кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет өткөргөн үй-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгында айтылат. 2021-жылы изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушчу күчүнүн саны 2,7 миллионго жакын адамды түздү, алардын ичинен 2,5 миллиондон ашыгы иштегендер жана 142 миңден ашык жумушсуздар. […]Читать далее