Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов баштаган шаардык комиссия “Бакыт үйүнүн” имаратын капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө ремонттун сапатына жана ишти аяктоо мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулду. Учурда “Бакыт үйүнүн” айланасын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын ички көрүнүшүн оңдоо жүргүзүлүүдө. Ж.Азимов бардык иштерди июль айынын аягына чейин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты. Эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактык өз […]Читать далее
Финансы министри Алмаз Бакетаев Бишкекте өтүп жаткан брифингде бюджет канча киреше тапкандыгы жана каражат кайда жумшалгандыгы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, республикалык жана жергиликтүү бюджетти, ошондой эле Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин же консолидацияланган бюджетти камтыган мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстарынын пландык көрсөткүчтөрү 188 млрд сомго, ал эми анын аткарылышы 190 млрд […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкаруу боюнча www.stat.salyk.kg ачык статистикалык маалымат порталын ишке киргизди. Stat.salyk.kg жарандарга салыктык башкаруудагы актуалдуу маалыматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет. Анда учурдагы мезгил үчүн маалыматтар мурунку жылдарга салыштырмалуу жарыяланган. Бул коомчулукка Салык кызматынын ишине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо мүмкүнчүлүгүн берет. Stat.salyk.kg порталы Салык кызматы канча салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн, анын ичинде киреше салыгын, […]Читать далее
Бүгүн, 20-июлдан тарта Бишкектин Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен Орозбеков көчөсүнүн Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесин реконструкциялоо пландалууда. “Аталган тилке жабылып, Разаков жана Панфилов көчөлөрү унаалар өтүүчү […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинде балдарга карата укук бузуулардын, кылмыштуулуктун жана зомбулуктун алдын алуу боюнча онлайн семинар өттү. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, семинар райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана жарандык сектордун өкүлдөрү үчүн уюштурулду. Семинарга балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Жусупбекова жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков бүгүн, 19-июлда, ЕККУнун конфликттердин алдын алуу борборунун директору жана ЕККУнун Катчылыгынын башчысынын орун басары Туула Юрьёля менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. ЕККУнун алкагындагы регионалдык кызматташтык жана коопсуздук маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУ чөлкөмдөгү мүмкүн болуучу чыр-чатактарды алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө […]Читать далее
Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Координациялык кеңешинин жыйынына катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы өз сөзүндө белгилегендей, 30 жыл аралыгында республикада коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ар кыл иш-чаралар өткөрүлүп келген, бирок түрдүү себептерге байланыштуу ал […]Читать далее
Калыстар тобу “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо долбоорун иштеп чыгууга ачык сынактын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу “Бишкекбашкыархитектура” башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ачык сынактын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда жалпы 14 долбоор келип түшкөн. Калыстар тобу добуш берүүнү үч баллдык баалоо тутуму боюнча өткөрүү чечимин кабыл алып, баллдарды эсептөө үчүн бир добуштан калыстар тобунун мүчөлөрүнүн ичинен эсептөө […]Читать далее
Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушундагы мектептин жана №61 мектептин кошумча окуу корпусунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Алгач Жетыбаев №61 мектептин кошумча окуу корпусунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Эске салсак, 375 окуучулук орунга эсептелген объекттин сметалык наркы 917 миң […]Читать далее