Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды
![Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/07/1641414932_0959c56f22c2b9d6605fdca91a7ce6b9.730x0.jpg)
Кыргызстандын калкынын иш менен камсыздуулук деңгээли көбөйүп, жумушсуздардын саны кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет өткөргөн үй-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгында айтылат.
2021-жылы изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушчу күчүнүн саны 2,7 миллионго жакын адамды түздү, алардын ичинен 2,5 миллиондон ашыгы иштегендер жана 142 миңден ашык жумушсуздар. 2020-жылга салыштырмалуу 15 жана андан улуу жаш курактагы иштеген калктын саны 4 пайызга көбөйдү, ошол эле убакытта жумушсуздардын саны 5 пайызга азайды. Экономикада иштегендердин жалпы санында иштеген эркектердин саны (1,6 млн.) иштеген аялдардын санынан (965 миң) ашат.
2021-жылы калктын иш менен камсыздуулук деңгээли 57 пайызды түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка көп. Эркектердин арасында иш менен камсыздуулук деңгээли (72,5 пайыз) аялдарга караганда (42,4 пайызга) жогору. Жумушсуздуктун деңгээли 5,3 пайызды түзүп 2020-жылга салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.