«Жалалабатэлектр» ишканасына жаңы директор дайындалды

 «Жалалабатэлектр» ишканасына жаңы директор дайындалды

 Директорлор кеңешинин чечими менен «Жалалабатэлектр» ААКнын башкы директору болуп Нурлан Сатыбалдиев дайындалды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы башчыны компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү эмгек жамаатка жана РЭТ жетекчилерине тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Нурлан Сатыбалдиев 2021-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Түндүк электр» ААКнын Талас филиалынын аткаруучу директору болуп эмгектенген.

Связанный пост