Беш университетке өзгөчө макам берүү: Жети окуу жай кошулуп, үч жылдык текшерүүдөн бошотулат

 Беш университетке өзгөчө макам берүү: Жети окуу жай кошулуп, үч жылдык текшерүүдөн бошотулат

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берүүнүн жол-жоболору тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, күн мурун, 18-июлда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү бир катар жогорку окуу жайларга өзгөчө макам берүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Жарлык менен төмөнкү мамлекеттик жогорку окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берүүнү караган өзгөчө статус берилет:

– Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
– И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
– К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
– И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
– Ош мамлекеттик университети.

Бейшеналиевдин айтымында, президенттин жарлыгы өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында чыкты.

“Тандалган беш университет өлкө ичиндеги кадр потенциалын түзгөн негизги окуу жай болуп эсептелинет. Буга чейин IT кызматкерлери же профессордук даражадагы мугалимдерди кызыктырып, мамлекеттик университеттерге сабак бердирте алчу эмеспиз. Анткени бегиленген айлык акыга күчтүү кызматкерлер келчү эмес. Эми ЖОЖдордо адистерди тартууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мындан сырткары, аталган окуу жайларда аудитордук текшерүүнү кошпогондо, үч жылдык мөөнөткө текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн бошотулат”, – дейт ал.

Министр беш мамлекеттик университеттин түзүмүнө жети окуу жай кошулуп жатканын баса белгиледи.

“Аны менен бирге беш окуу жай башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктай алат, өз алдынча проректорлорду дайындап, бошотот, билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык иштерден киреше алууга жана аларды ЖОЖдун ишин жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деди Бейшеналиев.

Связанный пост