Балдарды коргоо системасына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү

 Балдарды коргоо системасына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында зордук-зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон балдарды коргоо системасына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү.

Өлкө Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобого ылайык бул ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Жыйынга бир катар депутаттар, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин аппаратынын өкүлдөрү, айрым коомдук фонддордун директорлору, башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер катышты.

Талкуу жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү оор турмуштук кырдаалга туш болгон ар бир баланы коргоону камсыздоо боюнча мамлекеттик деңгээлде такай жана системалуу иш алып баруу зарылдыгын белгилешти.

Асель Чынбаева бул комиссиянын ишмердүүлүгү мамлекеттик жана башка жардам көрсөтүү механизмдерин, зомбулукка кабылган балдарга кызмат көрсөтүүнү, ошондой эле зомбулукка кабылган балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн тартипке келтирерин баса белгиледи.

Комиссия өз ишинин алкагында зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон балдарды коргоо боюнча чаралардын өз убагында көрүлүшүн жана адекваттуулугун, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын укуктарынын бузулушуна алып келген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карайт.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча зордук-зомбулукка же катаал мамилеге дуушар болгон балдардын ден соолугун жана психологиялык абалын калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү болгон балдарды коргоо боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын, саламаттыкты сактоо жана билим берүү уюмдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде комиссиянын мүчөлөрүнүн мындан аркы иши жөнүндө чечим кабыл алынды.

Связанный пост