Кыргызстанда 369 таштанды таштоочу жайдын 61не гана уруксат берилген

 Кыргызстанда 369 таштанды таштоочу жайдын 61не гана уруксат берилген

Кыргызстанда 369 таштанды таштоочу жай бар. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн инвентаризацияга ылайык, республика боюнча 369 таштанды таштоочу жайы бар, алар негизинен айыл чарба жерлеринде (506 га) жана калктуу конуштарда (79 га) жайгашкан. Таштанды жайлары ээлеген жалпы жер аянты 616 гектарга жакын аянтты түзөт.

“369 таштанды таштоочу жайдын 61не гана уруксат берилген. Ошол эле учурда уруксаты бар жана тиешелүү укук белгилөөчү документтери бар көптөгөн таштанды таштоочу жайлар жердин бир категориясынан дал келген башка категориясына которула элек”, – деди министр.

Кутманова белгилегендей, таштандылар шамал менен жер-жерлерге жайылып, атмосфералык абаны, топурак катмарын жана жер үстүндөгү суу агымдарын булгап жатат. Таштанды калдыктарынын күйүшү, чириши атмосфералык абаны булгап жана уулантууда.

Связанный пост