Бишкекте COVID-19га каршы күрөшүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү

 Бишкекте COVID-19га каршы күрөшүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү

Бишкекте вице-мэр Виктория Мозгачеванын жетекчилиги астында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында штабдын мүчөлөрү шаардагы коронавирустук инфекциянын жайылышы жана учурдагы эпидемиологиялык абалды, шаардык саламаттык сактоо уюмдарында жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектердин запасын камсыз кылуу, ошондой эле калкты эмдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулады.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди. Интенсивдүү көрсөткүчтөр боюнча борбор шаар жашыл аймакта.

Вице-мэр COVID-19га каршы эмдөөнүн жай жүрүп жатканын белгилеп, калк арасында эмдөө процессин тездетүү зарылдыгына токтолду.

Штабдын отурумунун жыйынтыгында райондук акимчиликтердин башчыларына кызматтардын, жарандардын арасында коронавирус инфекциясына каршы вакцина алуунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Бүгүнкү күндө каалоочулар бардык убактылуу эмдөө пункттарында «SinoPfarm» вакцинасын ала алышат. «AstraZeneca», «Спутник-Лайт», «Moderna» вакциналары жок. Ошондой эле жакында «Pfizer» вакцинасынын келиши күтүлүүдө

Связанный пост