Кыргызстан бир катар азыктарды экспорттоого тыюу салууну жыл аягына чейин узартат

 Кыргызстан бир катар азыктарды экспорттоого тыюу салууну жыл аягына чейин узартат

Кыргызстан бир катар азык-түлүктү экспорттоого тыюу салууну жыл аягына чейин узартат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдөн жумуртка, жүгөрү, кумшекер жана май сыяктуу азыктарды экспорттоого тыюу салынган. Жаныбеков белгилегендей, тыюу салууну ушул жылдын аягына чейин узартуу пландалууда.

«Ал эми кумшекер маселесине токтолсок, экспортко тыюу салынган. Шекерге болгон баа тышкы факторлор, ошондой эле жыл мезгилине жараша өзгөрүп турат», – деди министр.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын министрлер кабинети 2022-жылдын августуна чейин бир катар азыктарды экспорттоого тыюу салган.

Связанный пост