Саясат

Садыр Жапаров “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда энергетика компанияларын бириктирүү иштери аякталды

 Улуттук энергохолдинг энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүү ишин аягына чыгарды. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, реструктуризациялоо процесси энергетика ишканаларындагы өндүрүштүк жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу, чыгымдарды оптимизациялоо жана бири-бирин кайталоочу кызматтарды кыскартууга багытталган. Реформага ылайык, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында 1 миллиард сомдук акча каражаты үнөмдөлүүсү күтүлүүдө. Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумашалат. […]Читать далее

Билим

Баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздары кабыл алынууда

15-августтан тарта Бишкек шаарындагы Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунун билим берүү бөлүмдөрү баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздарын кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылы башталарына аз калгандыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы […]Читать далее

Саясат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Түркияга расмий визит менен барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 16-17-август күндөрү Түркияда расмий визит менен барат. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, визиттин алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү, биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйыны өтөт. Анын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланмакчы. Андан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт.Читать далее

Коом

Аламүдүндө 21 жаштагы кыз Ала-Арча суусуна түшүп каза болду

Аламүдүн районунда 21 жаштагы кыз Ала-Арча суусуна түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Арча эс алуу жайында Ала-Арча суусуна 2001-жылы туулган Т.Г. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 18:20да аталган жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Читать далее

Спорт

Денис Петрашов Түркиядагы мелдеште коло байге алды

Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байгенин ээси болду. Ал 15-августта 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзгөн. Буга чейин спортчу 50 метр аралыкка сүзүп, үчүнчү орунду камсыздаган. Белгилей кетсек, бүгүн Петрашов 100 метр аралыкка да жарышка чыгат.Читать далее

Саясат

Cтратегиялык изилдөөлөр улуттук институту президенттин карамагына өттү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Cтратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мекеме катары аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Стратегиялык […]Читать далее

Коом

Кара-Суу районунда суюк азот өндүрүүчү завод ишке кирди

Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагында 2022-жылы 12-августында суюк азот өндүрүүчү завод ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба долбоолорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, суюк азот малды жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат. Жаңы ишкана суткасына 312 литр суюк азотун чыгара алат, ал түштүк аймактарды камтыйт. Ал эми 2021-жылы сентябрда ушундай эле завод түндүк аймактар үчүн Чуй […]Читать далее

Дүйнөдө

Садыр Жапаров Армениянын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Армения Республикасынын президенти Ваагн Хачатурянга “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Армения Республикасында “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жабыркады жана имарат жайлар талкаланды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза […]Читать далее

Дүйнөдө

Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясы расмий каттоодон өттү

Сеул шаарында Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясынын расмий каттоосуна арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилигинен билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясынын төрагасы Бектурсун Алыбаев, кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери, мекендештер арасындагы активисттер, өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер катышты. Куттуктоо сөзүндө элчиси Исмаилова ассоциациянын мүчөлөрүн […]Читать далее