МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров суу форумунда: Аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөбүз

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Суу – өнүгүү башаты” урааны алдында өткөрүлгөн Бишкек суу форумуна катышты.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров климат өзгөрүп жаткан учурда, коопсуз ичүүчү сууга, санитарияга жана гигиенага жетүү адамдын ден соолугу жана бакубат жашоосу үчүн эң негизги муктаждыгына айланганын белгиледи.

“Дүйнө жүзү боюнча 2 млрдга жакын адам ичүүчү сууга жетпей, дүйнө калкынын 40 пайызы суунун тартыштыгынан жапа чегип келет. Сууну керектөөнүн 70%га жакынын айыл чарбасы түзөт. Белгилүү болгондой, Борбор Азия өлкөлөрү дагы агрардык мамлекет. Адамзаттын сууга болгон суроо-талабы өсүүдө жана ал 2050-жылга карата 40 пайыздан ашык көбөйөт деп болжолдонууда”, – деди ал.

Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн, суу – планетанын жана адамдардын ден соолугунун жана гүлдөшүнүн ачкычы экендигин белгилеген Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын аймагы дарыялардын орточо жылдык агымы 50 млрд куб метрге жакын суу ресурстарынын түзүлүүчү зонасында жайгашканын кошумчалады.

“Кыргызстандын аймагынын 4%дан ашыгын мөңгүлөр жана карлуу тоолор ээлейт. Мөңгүлөрдө сакталган суунун жалпы кору 650 км3 деп бааланып, Борбордук Азиянын суу ресурстарынын 38%га жакынын түзөт. Белгилей кетсем, Кыргызстан жалпы суу ресурстарынын 20-25%ын пайдаланат. Бул агындын негизги көлөмү (93%га жакыны) айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн колдонулат”, – деди Акылбек Жапаров.

Дүйнөлүк тарыхта суу – гүлдөгөн улуу цивилизациялардын тарыхын түзгөнүн билгилеген МинКаб Төрагасы, бүгүн жогорку технологиялык 21-кылымдасуу – өнүгүүнүн башаты болуу позициясын жоготкон жок – бүгүн дагы бирөө ичээрге суу таппай жүргөн доор. Демек, суу – дүйнөлүк актуалдуу тема. Ошол себептүү бүгүнкү Бишкек суу форумунун алкагында, аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөбүз, деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Бишкек суу форумунун катышуучулары, эгерде 2050-жылга чейин планетаны сактоого багытталган координацияланган чаралар болбогон болсо, дүйнө глобалдык жылуулук жана башка жаратылыш кубулуштары менен байланышкан орду толгус кесепеттерге туш болуусун белгилешти. Ошол себептүү, жаратылышка этият жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу деген сөздүн чыныгы маанисин түшүнүүнүн зарылдыгын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Бишкек суу форумуна мамлекеттик кызматкерлер, көп тараптуу институттар, академиялык чөйрө, жарандык коом жана жеке сектор катышты. Алар суу ресурстарын эффективдүү башкарууну камсыз кылуу менен байланышкан ар кандай көйгөйлөрдү чечүү маселелерин талкуулашты.

Связанный пост