Министрлер Кабинетинде өлкөнүн спорт федерацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

 Министрлер Кабинетинде өлкөнүн спорт федерацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен өлкөнүн негизги спорт федерацияларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылы Ханчжоу шаарында (Кытай Эл Республикасы) өтүүчү Азия оюндарына жана 2024-жылы Парижде (Франция Республикасы) өтүүчү Олимпиада оюндарына даярдык көрүү маселелери талкууланды.

 

Мындан тышкары логистика, каржылоо, окутуу жана окуу процессин уюштуруу маселелери сүйлөшүлдү.

 

МинКаб Төрагасынын орун басары алдыдагы эл аралык мелдештерге спортчуларды натыйжалуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, федерациялардын өкүлдөрүн Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, мамлекет спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоону күчөтөөрүн кошумчалады.

Связанный пост