«Өзгөн шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча курулуш иштери уланууда

 «Өзгөн шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча курулуш иштери уланууда
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев «Өзгөн шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоорунун алкагындагы капиталдык курулуш иштеринен кабар алды.
Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоровдун маалыматында төмөнкү иштер аткарылууда:
1. «Өзгөн Таза-Суу» муниципалдык ишкананын муктаждыктары үчүн атайын техникалар жана жабдуулар сатылып алынган. Шаардын калкын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн ишкананын жумушчулары атайын машиналар менен камсыз болду.
2. 10 даана насостору сатып алынып, орнотулган. Сууну дезинфекциялоочу 6 даана бактерициддик жабдуулар орнотулган.
3. Саркынды сууларды тазалоочу жайды долбоорлоо жана куруу иштери 2023-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилет. Келишимге ылайык, Өзгөн шаары үчүн 2000 м3, башкача айтканда 10 000 адамга ылайыкталган, саркынды сууларды тазалоочу станция курулат. Графикке ылайык азыр курулманы долбоорлоштуруу журуп жатат.
4. 2022-жылдын 28-февралында Өзгөн шаарына жалпы узундугу 71 чакырымды түзгөн, анын ичинен 41 чакырым таза суу түтүгү, 30 чакырым саркынды суу түтүктөрүн куруу боюнча келишим түзүлгөн.
Долбоорго ылайык, таза суу түтүктөрдүн жаткырылуу тереңдиги 0,70-2 метрге чейин, ал эми саркынды суу коллекторлордун тереңдиги 1,80-5,50 метрди түзөт. Курулуш графигине ылайык, линия 2023-жылдын ноябрь айынын аягына чейин ишке берилет.
Бүгүнкү күндө 5 бригада жумуш алып барып жатат.
Жалпысынан 19664 метр таза суу түтүгү жаткырылды.
Андан сырткары, саркынды суулар боюнча SN-8, диаметри D=200, L=9691.6м түтүктөр жаткырылган.
Облус башчысы бул долбоордун шаар үчүн маанилүүгүн жана таза суу менен камсыздоо, канализация тутумун реабилитациялоо иштери аягына чыкса шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүлөрүн белгилеп, иштин жүрүшү мындан аркы өнүгүшүнө кызыкдар экенин билдирди.

Связанный пост