Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жылалды айылындагы сыйымдуулугу 80-100 тонна болгон логистикалык борбордун курулуш иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Жылалды айылында сыйымдуулугу 80-100 тонна болгон логистикалык борбордун курулуш иштери менен таанышты.

Эльчибек Джантаев мындай инфраструктуралык долбоорлор айыл чарбасын өнүктүрүүгө, дыйкандардын турмушун жакшыртууга салым кошуп, өлкөнүн айыл чарба тармагындагы жалпы максаттарын ишке ашырууну колдоо приоритеттүү багыты экенин баса белгиледи. Облус башчысы өз сөзүн Ош облусунун дыйкандары үчүн ушундай шарттарды колдоого жана өнүктүрүүгө даяр экенин билдирүү менен жыйынтыктады.
Логистикалык борбор Н.Асылбеков жеке инвестиция долбоорунун негизинде курулду. “Россия өнүктүрүү фондунан” 6 пайыз менен 8 млн. сом куруу иштерине кредит берилген жана 8 муздаткыч сатып алуу үчүн ЮСАИД тарабынан 4 млн сом менен каржыланган. Жалпы сметалык баасы 12 млн. сом.
Эльчибек Джантаев сөзүнүн соңунда аймактагы бизнестин мындан аркы өнүгүшүнө жана ишкерлер менен бийлик өкүлдөрүнүн активдүү кызматташуусуна ишеним артарын билдирди.

Связанный пост