Өзгөндө асфальт-бетон заводу курулууда

 Өзгөндө асфальт-бетон заводу курулууда
Кыргыз Республикасынын Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Өзгөн районунун Жоо-Алма участогунда курулган Асфальт-бетон заводу менен танышты.
Дөң-Булак айыл аймагынын Жоо-Алма участкасындагы заводдун курулушу 2022-жылы башталып “Ош Нур-Жол Строй” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан карыжаланган. Сметалык баасы 60 млн. сомду түзүп 25 жумуш орун пайда болот жана аймактын тургундарына асфальт, бетон, шебен алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Облус башчысы ишкерлерди ар тараптуу колдоонун жыйынтыгы ишкерлерди да, жергиликтүү тургундарды да кубандырып, иш орундарын түзүүгө, айыл инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи.
Жана ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жеке ишкерлерди активдүү колдоо, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүгө түрткү берүүнү тапшырды.
Завод жетекчилигине ийгилик каалап, экологияга терс таасирин тийгизип жергиликтүү тургундарды ыңгайсыз кылбоо үчүн ишкана тарабынан экологиялык нормалардын сакталышынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Связанный пост