Биринчи айым Айгүл Жапарова “Алтын Казык” интерактивдүү фестивалына катышты

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 30-майда, Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата ата-энелер жана балдарга арналган “Алтын Казык” интерактивдүү фестивалына катышты.
Биринчи айым өзүнүн куттуктоо сөзүндө бардык балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктады.
“Бул иш-чаранын мааниси чоң. Анткени, бала мээримдүү жана камкор үй-бүлөдө чоңойсо, ал өмүр бою бактылуу болот. Үй-бүлөдөн башка эч ким балага келечекте таяна турган туура жашоо баалуулуктарын үйрөтө албайт. Балдар өздөрүн коопсуз сезгенде, сүйүүнү жана камкордукту сезгенде толук өнүгөт. Мээримдүү үй-бүлө – баланын туура жана дени сак өнүгүүсүнүн ачкычы”, – деди ал.
Айгүл Жапарова ата-энелерди балдарга туура адаттарды, туура тамактанууну үйрөтүүгө жана гаджеттерге көп көңүл бурбоого чакырды.
Ошондой эле Биринчи айым ата-энелер менен балдардын ортосундагы баарлашуунун маанилүүлүгүн, алар менен ар кандай кызыктуу жана өнүктүрүүчү оюндарды ойноонун зарылдыгын белгиледи.
“Алтын Казык” фестивалын “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду “Супара” этно-комплексинин жетекчилиги менен биргеликте уюштурган.
Фестивалдын максаты – улуттук баалуулуктарды эске алуу менен акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдалануу аркылуу кичине курактагы балдардын өнүгүүсү тууралуу ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу.

Связанный пост