Депутат Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү

 Депутат Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди.

Связанный пост