Жер мунапысы: Ноокатта 100дөн ашуун жаран кызыл китеп алды

№291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык Ноокат районунун 101 жаранына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырды.

 

Жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун жарандарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 198 арыз түшкөн. Анын ичинен 1000 ден ашуун адам турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга мүмкүндүк берген кызыл китепке ээ болушту.

 

Өткөн жыйында облус башчысы Эльчибек Джантаев райондун жетекчилерине күчөтүлгөн тартипте ишти алып баруу керектигин эскерткен.

 

Бул багытта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешип, бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшоого чакырган. Жумушту алдыга жылдыруу иштеринде бардык кызмат өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташтыгы жана биргелешкен иш-аракеттеринен көз каранды экенин баса белгилеген.

 

Учурда, Ош облусунда №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому жигердүү ишке ашырылууда. Тиешелүү кызматтар ченемдик укуктук актылардын сакталышын камсыз кылуу жана облустун жарандарына турак-жай кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштырган кызыл китеп берүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашат.

Связанный пост