Экономика

Кыргызстанда немис ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтөт

Соода палатасынын башчысы Темир Сариев Гамбургдун Соода палатасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча комитетинин жыйынына катышты. Отурумдун ишине Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана Гамбургдун ири бизнесинин өкүлдөрү катышты. Темир Сариев жалпысынан Кыргызстан, кызматташуунун келечеги жана инвестицияларды тартуу тууралуу айтып берди. Гамбург-логистикасы жакшы өнүккөн порт шаары. Түркмөнстан аркылуу Перс булуңуна чыгуучу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун […]Читать далее

Коом

Ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адам $3,9 миң төлөйт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2023-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3900 (үч миң тогуз жүз) АКШ доллары болуп түзүлгөндүгүн маалымдайт. Төлөмдөр 12-апрелден башталат. Ажыга барууга 1000$ АКШ долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 2023-жылдын 12-апрелинен 17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900$ (эки миң тогуз […]Читать далее

Билим

Таласта орто мектептердин спорт аянтчаларынын көйгөйлөрү жеринде каралды

Талас шаарындагы орто мектептердин, спортзалдардын, спорт аянтчалардын көйгөйлүү маселелерин менен жеринде таанышуу жана аны жергиликтүү бюджеттик долбоорго сунуштоо максатында Талас шаардык кеңешинин Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча туруктуу депутаттык комиссия шаар аймагындагы 9 мектепти кыдыруу иштерин жүргүзүштү. Ага комиссиянын төрайымы Раушан Токтогулова баштаган комиссияга мүчө депутаттар, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн методисти Э. […]Читать далее

Кадр саясаты Коом

Жаш дарыгерлер үчүн бош орундар жарманкеси өттү

Бүгүн, 13-апрель күнү ОшМУнун залында Ош облусунун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде жетишпеген кадрларды тартуу боюнча бош орундар жарманкеси өттү. Иш-чарага КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, орун басары Эрнис Толтоев, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин орун басарлары, жаш дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкеткерлери катышты. Ош облусунун башчысы жаш дарыгерлерди жумуш менен камсыз […]Читать далее

Коом

Ак-Суу районунда мамлекеттин колдоосу менен 256 үй-бүлө өз ишин башташат

Ак-Суу районунда мамлекеттин колдоосу менен 256 үй-бүлө өз ишин башташат. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, КРнын Жогорку Кенешинин депутаттары Акылбек Тумөнбаев жана Жаныбек Кыдыкбаев 212 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырышты. Ак-Суу […]Читать далее

Спорт

Милиция кызматкерлери кармашып урушуу боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлешти

7-апрелден 9-апрелге чейин Россиянын Москва шаарында кармашып урушуу боюнча аялдар жана эркектер арасында “Достук кубогу-2023” аталыштагы дүйнө кубогу өткөн. Бул тууралуу КРнын ИИМнин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди. Ага ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери дагы катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Бул спорттук иш-чарада 90+ салмакта 2-орунду полктун атайын операциялар отрядынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам […]Читать далее

Спорт

Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда

Бүгүнтөн баштап, эркин күрөш боюнча Кыргызстандык балбандар кызыл килем үстүндө беттешке чыгат. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Бүгүн, 13-апрелде мырзалар арасындагы эркин күрөш боюнча беттештерге Кыргызстандын курама командасынан 5 спортчу күч сынашат. Алар: 57 кг чейин 1/8 финал Алмаз Сманбеков – Мухаммад Билал (Пакистан) 65 кг чейин 1/8 финал Улукбек […]Читать далее

Аймак

Ысык-Көл: Кар күрткүсүндө калган 8 жаран жылынуучу жайга жеткирилди

Каракол – Эңилчектеги кар көчкү түшкөн унаа жолунда калып калган жарандардан кабар алуу, көзөмөл жүргүзүү үчүн ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев, Ак-Суу району боюнча өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы, подполковник Б.Асанов барышты. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти. Жеринде кар күрткүсүндө тыгылып калган 3 унааны, 8 жаранды 82-чакырымда уюштурулган жылынуучу жайга жеткиришкен. Ал […]Читать далее

Аймак

Баткен шаарында 22 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Быйылкы жылы Баткен шаарында 22 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Асфальт төшөө жумуштарына республикалык бюджет каржылоо бөлөт. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 15 млн. сом бөлүнүп И.Жусупов, М.Нургазыев, Н.Исанов көчөлөрүндө жана Булак-Башы кварталынынын И.Кайымов көчөсүндө асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.Читать далее

Шайлоо

Бишкектин мэриясында шайлоого даярдык боюнча штабтын жыйыны өттү

Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдында мэрияда штабтын кезектеги жыйыны өттү. Жыйын Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын төрагалыгы алдында борбор калаанын аппарат жетекчиси жана вице-мэрлери, район башчысы, шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда өттү. […]Читать далее