Жалал-Абад шаарында өзүм билемдик менен курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан тиешелүү […]Читать далее
Эмгек министрлиги Ысык-Көл областынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү менен 789 социалдык контракт түзөт. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын 147си Түп районуна бөлүнгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев быйылкы долбоордун катышуучуларына 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырып жатып билдирди. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин […]Читать далее
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылып, токтоп турган унаалар өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинн басма сөз кызматы билдирди. Азыркы тапта чынжыры жок жана айдоочулары калтырып кеткен машинелер гана турат. №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жерине тартылган атайын техникалар менен жолдорду кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатышат. Белгилей кетсек, 11-апрель күнү тынбай жааган кардан жана […]Читать далее
Республиканын билим берүү мекемелеринде «Бир окуучу — бир көчөт» акциясы өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Акцияга ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышып, билим берүү мекемелеринин айланасына жаш көчөттөрдү отургузууда. Жашылдандыруу иштери сабактан […]Читать далее
КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында, опузалап пара талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөөчүсүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 2023-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын […]Читать далее
КРнын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул аталган мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн. Жогорудагы фактылар боюнча КР […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол-Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Аймакта 3 күндөн бери тынбай жааган кар жана катуу бороон менен катар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жергиликтүү бийлик аталган унаа жолун 12синен 14-апрелге чейин жабуу чечимин кабыл алган. Белгилей кетсек, жергиликтүү бийликке жолду убактылуу жабууга тескеме чыгарып берүү боюнча “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы кайрылган. Ошондой эле, […]Читать далее
СТАМБУЛДАГЫ БАЛА МЕНЕН БАРА ТУРГАН МУЗЕЙЛЕР СИЗДЕРДИ КҮТӨТ Саякаттоо үчүн түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн Стамбул, жаш балдарды да өзүнө тарткан кооз шаар десек болот. Стамбулдагы түрдүү музейлер, балдардын маданият, технология жана тарыхый билимдерин тереңдетсе, ата-энелер үчүн руханий эс алуу, кызыктуу көз ирмемдерди тартуулайт. Стамбулдагы балдар музейлери 23-апрель Түркиянын Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар күнүнө карата кызуу даярдыктарын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров спортчу кыздарды куттуктады. “Кыздарыбыз да мыкты, күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөттү. Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында өзүнүн эң мыктылыгын бешинчи ирет жеңүүчү болуп далилдеди. Күмүш алган Айпери Медет кызын, коло медаль алган Калмира Билимбекованы чоң спорттогу бул ийгиликтери менен куттуктайм!”-, деп билдирди Мамлекет башчы. “Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, […]Читать далее
Балбан Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында атаандашын таза жеңиш менен жеңип, Азиянын бешинчи жолку чемпиону болду. Ал алтын медаль үчүн болгон беттеште Монголиядан келген атаандашын 9:4 эсеби менен жеңип алды.Читать далее