Ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адам $3,9 миң төлөйт

 Ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адам $3,9 миң төлөйт
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2023-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3900 (үч миң тогуз жүз) АКШ доллары болуп түзүлгөндүгүн маалымдайт. Төлөмдөр 12-апрелден башталат.
Ажыга барууга 1000$ АКШ долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 2023-жылдын 12-апрелинен 17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900$ (эки миң тогуз жүз) АКШ долларын төлөөсү зарыл.

Связанный пост