Коом

Бишкектин кире беришинде жаңы 11 метрлик стела орнотулууда

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Дэн Сяопин проспекти менен Б.Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде кирүү белгиси салынууда. Бүгүнкү күндө инженердик тармактарды чыгаруу жана стеланы (бийиктиги 11м) куруу иштери аяктады. Айланасын көрктөндүрүү, тамгаларды (Бишкек) жана ак илбирсти орнотуу үчүн  стеланы сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат.Читать далее

Коом

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө жаратылыш газ өчүрүлөт

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы 17-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек шаарынын Садыгалиев – Волков дареги боюнча жайгашкан төмөнкү басымдагы газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөөрүн маалымдайт. Ушуга байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумбы, Владимировская. «Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну […]Читать далее

Экономика

3 айдын ичинде сыраны милдеттүү маркалоонун негизинде бюджетке 129 млн сом түштү

2023-жылдын 1-кварталында Мамлекеттик салык кызматы өндүрүлгөн пиво продукциясынан 129,4 млн сом акциз салыгын чогулткан. Бул тууралуу КРнын МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч белгиленген пландан жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге ашыкча аткарылган. Жыйымдардын өсүшү 2023-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында сыра продукциясын милдеттүү маркалоону киргизүүнүн негизинде камсыздалды. Мындан тышкары, салык органдары тарабынан алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдүн күчөтүлүшү салыктын чогултуунун эки […]Читать далее

Коом Эл аралык мамилелер

Борбор калаанын мэри швейцариялык “Бартолет” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров швейцариялык “Бартолет” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Бартолет Роланд менен жолукту. Жолугушууга шаар куруу, энергетика, комплекстүү долбоорлор боюнча швейцариялык компаниянын өкүлдөрү да катышты. Өз кезегинде мэр транспорт инфраструктурасынын маанилүү өнүгүп жатканын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.Читать далее

Медицина

Бишкек шаарында профилактикалык эмдөөлөр менен камтууну жогорулатуу максатында мобилдүү клиникалар

Балдарга баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСК) деңгээлинде медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу, ошондой эле вакцина менен алдын ала турган жугуштуу ооруларды азайтуу жана кепилденген сапаттагы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында 2023-жылдын 11-апрелинен тартып Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашаган жана медициналык уюмдарда каттоодо турбаган ички мигранттарды эмдөө үчүн балдарды жана чоңдорду профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу боюнча көчмө мобилдик клиникалар […]Читать далее

Укук тартиби

Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын башчысы кармалды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын жетекчиси Б.С.О. жер бөлүштүрүү ишмердигинде мыйзам бузуулар аныкталды. Такталгандай, Б.С.О. жер комиссиясынын чечимисиз жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткарбастан, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди мыйзамсыз берип койгон, […]Читать далее

Укук тартиби

Кыргызстанга 281 автоунаа мыйзамсыз ташылып келинген

МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери КР УКМК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына 281 транспорттук каражаттардын бирдиктерин мыйзамсыз ташып келүү жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары легалдаштыруу фактыларын аныкташкан. Кыргыз Республикасы «Бажы бирлиги» жөнүндөгү келишимге кошулгандан кийин ЕАЭБдин […]Читать далее

Укук тартиби

Былтыр 5 миң гектар жер мамлекетке кайтарылды

Өткөн жылы  прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 5 миң гектардан ашуун  жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокурор Жогорку Кеңештин отурумунда Курманкул Зулушев билдирди. Ал жерлер: калктуу конуш; айыл чарба; суу чарба; социалдык маанидеги жана өндүрүш багытында  болгон. Башкы прокурордун айтымында  мамлекетке келтирилген зыянды аныктоодо жана ордун толтурууда жер мыйзамдарынын аткарылышына айрыкча […]Читать далее

Коом

Бишкекте иретсиз  таштанды ыргыткандар жазаланууда

Борбор калаада иретсиз таштанды ыргыткандар кармалып, мыйзамдуу түрдө айып пул салына баштады. Алгач Бишкек шаардык мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы түнкү рейддерди уюштуруп, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок ага карабай курулуш материалдарынын калдыктарын, тигүү цехтериндеги кесиндилерды таштоо  тыйылган эмес.“Тазалык” муниципалдык ишканасы  үкөктөрдүн жанына 15 видеокамера койгондон кийин, түн ичинде уурданып ири көлөмдөгү акыр-чикир ыргыткандар […]Читать далее

Укук тартиби

Ысык-Көл райондук сотунда 150 кылмыш жана жарандык иш жоголду

КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (Шалаакылык) туралуу жалпысынан 150гө жакын кылмыш/жарандык иштердин жоголушуна алып келген Ысык-Көл райондук сотунун жооптуу кызматкерлерине карата кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлдү. Тергөөнүн маалыматы боюнча, жогорудагы аракеттердин максаты айрым резонанстуу кылмыш иштерди жана мүлктүк мүнөздөгү иштер боюнча мыйзамсыз […]Читать далее