Ысык-Көл: Кар күрткүсүндө калган 8 жаран жылынуучу жайга жеткирилди

 Ысык-Көл: Кар күрткүсүндө калган 8 жаран жылынуучу жайга жеткирилди

Каракол – Эңилчектеги кар көчкү түшкөн унаа жолунда калып калган жарандардан кабар алуу, көзөмөл жүргүзүү үчүн ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев, Ак-Суу району боюнча өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы, подполковник Б.Асанов барышты. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти.

Жеринде кар күрткүсүндө тыгылып калган 3 унааны, 8 жаранды 82-чакырымда уюштурулган жылынуучу жайга жеткиришкен. Ал эми 1 унааны 4 адамы менен артка кайтарышты.

Кар аралаш бурганакка карабастан, учурда жолчулардын аракети менен Каракол – Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды.

Эске салсак, 12-апрелде аталган каттамдагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкүсү түшкөн.

 

Связанный пост