Таласта орто мектептердин спорт аянтчаларынын көйгөйлөрү жеринде каралды

Талас шаарындагы орто мектептердин, спортзалдардын, спорт аянтчалардын көйгөйлүү маселелерин менен жеринде таанышуу жана аны жергиликтүү бюджеттик долбоорго сунуштоо максатында Талас шаардык кеңешинин Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча туруктуу депутаттык комиссия шаар аймагындагы 9 мектепти кыдыруу иштерин жүргүзүштү.

Ага комиссиянын төрайымы Раушан Токтогулова баштаган комиссияга мүчө депутаттар, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн методисти Э. Майнаев жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери катышты. Кыдырууда ар бир мектептин спорттук инвентарларга болгон муктаждыктарын камсыздоо, спорт аянтчалардын көйгөйлөрүн кароо, абалын жакшыртуу боюнча бир катар маселелер каралды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунда орто мектептердеги спорт залдарын, спорт аянтчаларынын көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу комиссиянын иш планына киргизилген.

Связанный пост