Жаш дарыгерлер үчүн бош орундар жарманкеси өттү

Бүгүн, 13-апрель күнү ОшМУнун залында Ош облусунун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде жетишпеген кадрларды тартуу боюнча бош орундар жарманкеси өттү. Иш-чарага КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, орун басары Эрнис Толтоев, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин орун басарлары, жаш дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкеткерлери катышты.
Ош облусунун башчысы жаш дарыгерлерди жумуш менен камсыз кылуу аларга шарт түзүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
“Жаш дарыгерлердин алыскы аймактарга барып иштеп берүүсүн сурануудабыз. Антени шарты катаал, медициналык жардамга муктаж жарандар шаарга келип, кетүүсү, ооруканаларга дарылануусуна көпчүлүгүнүн материалдык мүмкүнчүлүгү чектелүү. Эгерде жаш дарыгерлер айыл жерине барып иштеп беришсе, саламаттык сактоо тармагындагы программалардын аткарылышына, материалдык техникалык базасын бекемдөө, медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу жана жаш дарыгерлерди колдоо боюнча шарт түзүп, колдоо көрсөтүүлөр болот”,-деди Зиядин Жамалдинов
Белгилей кетсек, Ош облусунда 2277 дарыгер, 6892 орто медицина кызматкерлери эмгектенишсе, 118 дарыгердин жетишсиздиги аныкталган.

Связанный пост