Кыргызстанда немис ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтөт

Соода палатасынын башчысы Темир Сариев Гамбургдун Соода палатасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча комитетинин жыйынына катышты. Отурумдун ишине Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана Гамбургдун ири бизнесинин өкүлдөрү катышты. Темир Сариев жалпысынан Кыргызстан, кызматташуунун келечеги жана инвестицияларды тартуу тууралуу айтып берди. Гамбург-логистикасы жакшы өнүккөн порт шаары. Түркмөнстан аркылуу Перс булуңуна чыгуучу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу Европа өлкөлөрүнө чыгуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот. Немис бизнесинин өкүлдөрү жүк логистикасына, энергетикага, айыл чарбасына жана тоо-кен тармагына жогорку кызыгуу көрсөтүштү. Май айында Кыргызстанда немис ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өтөт.

Связанный пост