Ак-Суу районунда мамлекеттин колдоосу менен 256 үй-бүлө өз ишин башташат

Ак-Суу районунда мамлекеттин колдоосу менен 256 үй-бүлө өз ишин башташат. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, КРнын Жогорку Кенешинин депутаттары Акылбек Тумөнбаев жана Жаныбек Кыдыкбаев 212 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырышты. Ак-Суу району боюнча жалпысынан быйылкы жылы мамлекеттин колдоосу менен 256 үй-бүлө өз ишин ача алат.
«Өлкө аймактарын комплекстүү өнүктүрүү – мындай милдетти КРнын Президенти С.Н.Жапаров мамлекеттик органдардын алдына койгон. Анын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги алыскы айылдарда ишкерликти ырааттуу өнүктүрүүдө.
Социалдык контракт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жыргалчылыгын жогорулатат. Өткөн жылы өлкө боюнча жалпы түзүлгөн 2,9 миң контракт 15 миңдей адамдын жашоосун жакшыртты. Быйыл 10 миң жаңы ишкерлер улуттук экономикага кошулуп, жергиликтүү жамааттарды да, бүтүндөй өлкөнүн экономикасын да чыңдайт. Бул ансыз да эң муктаж болгон 50 миңдей жарандын жашоо деңгээлин жакшыртат», – деди Жылдыз Полотова.

Связанный пост