21-22-октябрда бош кызмат орундарына директорлорду тандоо боюнча өткөн тестирлөөдө Бишкек шаарында 60, Ош шаарында 16, Баткен облусунда 52 талапкер босого баллдан өттү. Маалыматка ылайык, тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлдү. Борбор калаада тестирлөөгө 79 талапкер катышып, алардын ичинен 51 талапкер 60%дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өттү. Андан сырткары, […]Читать далее
Уланбек Мамбетакунов менен Кытайдын элчиси билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
19-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Тараптар алдыдагы окуу жылына карата Кытайдын жогорку окуу жайларында бюджеттик орундарды берүү, Кыргыз-Кытай класстарын, факультеттерин жана институттарын түзүү, илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргызстандын аймактарындагы билим берүү уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү […]Читать далее
Бүгүн, 19-октябрда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде алгачкы жолу билим берүү кызматтары үчүн төлөмдөрдү (жогорку окуу жайларында окуу үчүн төлөм ж.б.) QR-код колдонуу менен накталай эмес формада кабыл алууну ишке ашыруу боюнча пилоттук долбооруна старт берилди. Аталган пилоттук долбоорду ишке ашырууга Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тандалып алынган. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов […]Читать далее
Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби бекитилди. Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Аталган документ “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим алуу программасы боюнча окуудан өтүүгө жана окуудан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71, 89-беренелерин […]Читать далее
Бишкектин Көлмө конушундагы №78 мектеп-гимназиясынын жаңы корпусу ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышты. Мектеп 380 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу имараттын аянты 2309 чарчы метрди түзөт. Имаратта бардык керектүү жайлар: окуу класстары, […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн (кышкы кабыл алуу) абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругу бекиди. Ага ылайык кышкы тестирлөө 2022-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин өтөт. Буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу тартибинин негизинде бекитилди.Читать далее
11-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Венгрия ректорлор конференциясынын төрагасы доктор Борхи Ласло жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги башында турган Венгриянын делегациясын кабыл алды. Ошондой эле жолугушууга Венгрия тараптан Венгрия ректорлор конференциясынын башкы катчысы доктор Дубеци Золтан жана ВРКнын эл аралык референти Перьеш Фанни катышты. Тараптар эки […]Читать далее
Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду. Текшерүүдө, И.Арабаев атындагы КМУнун жооптуу кызмат адамдары жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Аукциондук борбор” ММнин мурдагы башчысы С.И. тарабынан 2018-жылдан 2022-жылга чейин аталган окуу жайга караштуу мамлекеттик имараттарды жана […]Читать далее
11-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директорунун орун басары Хильке Дэвид, программанын жетекчиси Дамира Уметбаева жана адис Эрик Куйкеев менен мектеп тамак-ашын жакшыртуу маселесин талкуулады. Министр И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы мектеп ашканаларынын кызматкерлери үчүн түзүлгөн республикалык окуу борборуна ашкана жабдууларын жеткиргендиги, ошондой эле мектептерди […]Читать далее