15-августтан тарта Бишкек шаарындагы Октябрь, Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунун билим берүү бөлүмдөрү баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздарын кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылы башталарына аз калгандыгына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы […]Читать далее
Бүгүн, 15-августта облустук борборлордо “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча сабак бере турган тарых сабагынын мугалимдерин жана теологдорду окутуу башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, бүгүнкү күндө жалпысынан 35 тайпа өз ишин баштады. Ар бир группада бирден мугалим жана бирден теолог сабак өтүүдө. Окуулар үч агымда өтүп, 2-сентябрга чейин офлайн режиминдеги сабактар жыйынтыкталат: – биринчи […]Читать далее
Аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз
Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш. “Социалдык жактан аярлуу […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада (34th IOI 2022 Indonesia) Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. International Olympiad in Informatics – бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. […]Читать далее
Жайкы каникул мезгилинде жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында косметикалык оңдоо иштери каралган: актоо – коридорлорду, тепкичтерди, окуу жана административдик кабинеттерди, актовый жана спорт залдарын, коомдук тамактануу бөлүмдөрүн сырдоо; жылытуу жана суу менен камсыз кылуу системаларын оңдоо, чатырларды жабуу, бүтөө иштери. 2022-жылга карата курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык, “Билим […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “KOICA-2022” стипендиялык программасынын стипендиаттары менен жолукту. Жолугушууга ошондой эле президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирбек Кожоев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ, KOICA`нын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Джонгсу, […]Читать далее
Бишкекте А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында “Манас” үчилтигинин англис тилине которулган китебинин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, үчилтик англис тилине Америка Кошмо Штатынын жараны, Монтана мамлекеттик университетинин магистранты Акылай Байматова тарабынан Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча которулган. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 1,2 миң мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик класстар үчүн эмеректерди жеткирип жатат. Билим берүү министрлигинен билдиргендей, 1,2 миң мектептин ар бирине – 15 стол, 15 стул, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык […]Читать далее
2022-жылдын 10-августу саат 14:00гө чейин жүргүзүлө турган IV турда гранттык негизде – 608, келишимдик негизде – 66321 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайыу, Жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагынын I туру 18-июлда башталса, II тур 25-июлдан 27-июлга чейин өттү. Ал эми III тур 1-августта башталып, […]Читать далее
Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, республикада билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрү белгиленгендигин билдирет. “Ошентип, жалпы билим берүүчү […]Читать далее